11 жылдык өмүрүндө 2279 эмгек жараткан советтик сүрөтчү-вундеркинд Саша Путря төрөлгөн. Ал Украинанын Полтава шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Евгений Путря сүрөтчү, апасы Виктория музыкалык окуу жайда сабак берген дирижёр-хормейстер болгон. Кичинекей сүрөтчү өмүрүнүн аягына чейин ичинде ыр, карикатура жана сүрөттөрү бар 46 альбом чыгарып, сайма, пластилинден ар кандай фигураларды, жумшак оюнчуктарды, мончоктон ар кандай көркөм буюмдарды жасаган. Мындан тышкары Саша техникалык чиймелерди ойлоп таап, ал аркылуу адамдар Айга барып, жолдорго асфальт төшөсө деп кыялданган.
5 жашка чыкканда таланттуу сүрөтчүгө лейкемия диагнозу коюлуп, 11 жашында, 1989-жылы 24-январда ооруканадан каза болгон. 1989-жылдан 2005-жылга чейин 10 мамлекетте анын 112 сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, Австрияда Сашанын сүрөтү менен почта конверти, штемпель чыккан. 1994-жылы Неля Даниленко "Сашенька" деген аталыштагы даректүү тасма жараткан. Ал эми 2004-жылы режиссёр Николай Бурнос "Саша Путря" деген фильм тарткан.