1971-жылы 2-декабрда Арабия жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө, Персия жана Оман булуңдарынын жээктеринде Бириккен Араб Эмираттары деп аталган федеративдик мамлекет түзүлгөн. Алгач аталган мамлекетке Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Эль-Фужайра жана Уммэль-Кайвайн деген 6 эмират кирген. Ал эми 1971-жылдын 23-декабрында аларга Рас-эль-Хайма кошулган.