5- Декабрь 2003 -жылы
Орусияда поезддин ичинде террордук акт жасалып, 51 адам курман болгон
Орусияда поезддин ичинде террордук акт жасалып, 51 адам курман болгон. Кисловодск-Минеральные Воды маршруту менен бара жаткан № 6309 поезддин вагонунда террордук акт болуп, 51 адам көз жумган. Жардыруу борбордук вокзалдан 400 метр алыс жерде болуп, поезддин экинчи вагону эки бөлүккө бөлүнүп кеткен. Анын кесепетинен 231 адам жабыркаган. 34 адам жардыруу болгон жерден каза болсо, 17 киши ооруканага жеткирилген соң, алган жаракаттардан улам көз жумган. Ал эми 180 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Пятигорск шаарына окууга бара жаткан студенттер болгон. Теоррордук актыны 3 аял жана бир эркек киши жасагандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликти чечен талаа командири Шамиль Басаев алган.