Мектепти аяктаган соң "Мосфильм" киностудиясында жарык берүүчүнүн жардамчысы болуп иштейт. Бир жылдан кийин Москва көркөм академиялык театрына тапшырып, аны бүтүргөн соң Орусия армиясынын театрында иштейт. Ал жерден "Жебесиз саат", "Теректер туруп өлүшөт" сыяктуу спектаклдерде роль жаратат.1986-жылы актёр Ермолова атындагы Москва театрына которулуп, "Эркиндиктеги экинчи жыл", "Түрмөдөн алыс эмес жердеги кар" жана "Калигула" спектаклдеринде ойнойт. Ушул ролдорунан кийин ал таланттуу жана ар тараптуу артист катары тааныла баштаган. Ал кинодогу алгачкы ролдорун 80-жылдардын ортосунда ойногон. Алгач "Егорка", "Керосинчинин жубайы" тасмаларына тартылат. А.Балуевдин режиссёр Станислав Говорухиндин "Аялга бак тилегиле" тасмасындагы ролу миңдеген күйөрмандарды чогулткан. Мындан тышкары ал "Антикиллер", "Атлантида", "Олигарх", "Офицерлер", "Кандагар", "Спецназ-2", "Москва жомогу" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан. Ал "Мусулман" киносунда жараткан ролу үчүн "Кинотавр" сыйлыгын алган. Ал эми "Империялардын кыйрашы" көркөм тасмасындагы ролу үчүн ФСБ сыйлыгына татыган.
Ал орус актёрлорунун ичинен биринчилерден болуп Голливуддун кино жаратуучулары менен кызматташа баштаган. Айта кетсек, "Тынчтыкты жаратуучу" жана "Иримге туш келүү" аттуу боевик жанрындагы кинолордо тартылып, батыш элине таанылган.