6- Декабрь 1986 -жылы "Ласковый май" тобу түзүлгөн
Оренбург шаарындагы балдар үйүндө чоңойгон эркек балдардан турган "Ласковый май" тобу түзүлгөн. Бул топ өзүнүн мүчөлөрүн ата мекендик шоу-бизнестин жылдыздарына айланткан.

"Ласковый май" - 80-жылдардын аягынан баштап 90-жылдардын аягына чейинки мезгилде СССРде атактуулукка жетишкен евродиско стилиндеги, СССРдеги өспүрүмдөргө багытталган алгачкы топ. Бул топ өспүрүмдөрдүн гана эмес, бардык курактагы адамдардын арасында популярдуулукка жеткен. Топтун визиттик карточкасы "Белые розы" ыры болгон.

"Ласковый май" тобу чыгармачылык жолун №2 мектеп-интернатынын сахнасында баштаган. Жергиликтүү музыка ийриминин жетекчиси Сергей Кузнецов жаңы жылдык концертке карата 3 баладан турган топ түзүп, аны "Ласковый май" деп атаган. 1987-жылы 18-февралда Сергей Кузнецов жана топтун ырчысы Юрий Шатунов бардык ырларын жаздырышып, бекеттеги үн жаздыруу күркөсүнө беришкен. 2 айдан соң Сергей Кузнецовго ар кайсы шаардан телефон чалышып, концерттерде ырдоого чакырышкан. Ошондой эле музыкалык пррдюсер Андрей Разин топтун ырларын уккан соң аларды Москвага чакырып, продюсерине айланган.

Топ атактуулуктун туу чокусун багынтып, 1989-жылы бир күндө 4-5 концерт берип, бир жылда алардын саны 2500гө жеткен. Сергей Кузнецов 1989-жылы топту таштап кеткен. Ал эми 1992-жылы Юрий Шатунов топтон кеткенден кийин "Ласковый май" тараган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан