7- Декабрь 2016 -жылы
Пакистанда учак кыйрап, 47 адам каза болгон
Пакистанда учак кыйрап, 47 адам каза болгон. Кырсык түштөн кийин Пакистандын Хавелиан шаарына жакын жерде болгон. Анда Читрал шаарынан Исламабадды көздөй бара жаткан учак тоолуу аймакта кыйроого учураган. Анын кесепетинен учактын ичинде 42 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү каза тапкан. Кырсык учактын кыймылдаткычы жарактан чыккандыктан келип чыккан.