10- Декабрь 2016 -жылы
Стамбулда кош жардыруу болуп, 38 адам набыт болгон
Стамбулда кош жардыруу болуп, 38 адам набыт болгон. 100дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган. Кечинде Стамбулдагы “Водафон Арена” стадионунда Түркиянын эки белгилүү футбол командасынын беттеши өткөн. Оюн бүткөндөн эки саат өткөндөн кийин стадиондун чекесинде бомба коюлган унаа жарылган. Бир мүнөткө жетип жетпеген көз ирмем ичинде бир жанкечти полиция кызматкерлеринин жанында өзүн жардырып жиберген. Бийлик өкүлдөрү үчүнчү бомба жарылбай калганын билдиришкен.
Жардыруунун жоопкерчилигин Күрт жумушчулар партиясынын бөлүмү өзүнө алган.