12- Декабрь 1985 -жылы Канадада учак кулап түшүп, 256 адам курман болгон
Канадада учак кулап түшүп, 256 адам курман болгон. Каир-Кёльн-Гандер-Форт Кэмпбелл маршруту менен бара жаткан DC-8 учагы Канаданын Ньюфаундленд аралындагы Гандер шаарындагы аба майданынан учуп чыккандан бир нече көз ирмемден кийин жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында учактагылардын баары - 248 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү каза болгон.

Бул кырсыктын себептерин изилдөөчү комиссия каргашалуу окуя учактын канаттарынын тоңуп калышынан улам же террордук актыдан келип чыккандыгын айткан. Кийинчирээк катастрофага жоопкерчиликти "Хезболла" кыймылынын "Ислам жихады" канаты алган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан