12- Декабрь 2016 -жылы Футболчу Криштиану Роналду 4-ирет "Алтын топ" сыйлыгын утуп алган
Футболчу Криштиану Роналду 4-ирет "Алтын топ" сыйлыгын утуп алган. Сыйлык тапшыруу аземине 31 жаштагы футболчу келген эмес, бирок "Алтын топ" анын колуна күн мурунтан тапшырылган. Ал 2016-жылы "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын утуп, Португалиянын курамында Европа чемпиону аталган.

Добуш берүүдө 2-орунду Лионель Месси ээлесе, 3-орунду франциялык Антуан Гризманн ээлеген.

Футболчу буга чейин 2008-жылы, 2013-жылы, 2014-жылы сыйлык ээси болгон. Бул жаатта 5 "Алтын топ" алган аргентиналык футболчу Лионель Месси - рекорд ээси.

Ушуну менен Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) дүйнөнүн мыкты футболчусуна "Алтын топ" сыйлыгын тапшырууну токтоткон. Сыйлыкты "France Football" басылмасы өз алдынча тапшырмак болгон. Бул ФИФА менен басылманын ортосундагы 5 жылдык кызматташууга чекит коюлганы менен түшүндүрүлгөн. Сыйлык 1956-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта дал ушундай форматта тапшырылып келген.
Ошондой эле "Алтын топ" сыйлыгына негизги 3 талапкерди иргеп алуу токтотулуп, талапкерлердин саны 30ду түзө турган болгон. Бул баскычта ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин улуттук курамаларынын капитандарынын жана машыктыруучуларынын добушу эске алынбайт. Жеңүүчүнү журналисттер аныкташат. Ошондой эле сыйлык тапшыруу мурунку жылдары январь айында уюштурулса, ошол жылы декабрь айында өткөрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан