14- Декабрь 2012 -жылы
АКШнын 20 жаштагы жараны апасын, мектептеги 26 адамды жана өзүн атып өлтүргөн
АКШнын 20 жаштагы жараны апасын, мектептеги 26 адамды жана өзүн атып өлтүргөн. АКШнын Коннектикут штатындагы Ньютаун шаарында 20 жаштагы Адам Лэнза аттуу жаран таңга маал үйүндө апасы Нэнси Лэнза менен уруша кетип, аны атып өлтүргөн. Андан соң ал апасы тарбиячы болуп иштеген "Сенди Хук" башталгыч мектебине жөнөгөн. Мектептен ал 20 окуучуга жана 6 чоң кишиге ок чыгарып, алар каза болушкан. Соңунда А. Ленза өзүн дагы атып салган. Окуя учурунда мектепте 600дөн кем эмес окуучу болгон. Кылмышкер колдонгон тапанчалар мыйзамдуу түрдө анын апасынын атына катталганы аныкталган. Ал эми А. Лэнза аутизмдин жеңил түрү болгон Асперген синдрому менен жабыркаган. Бул окуядан соң АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама өлкөдө 4 күндүк аза күтүү күнүн жарыялаган.