Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болгон. Кыргыз-Казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болушкан. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча келишим күчүнө кирип, Кыргыз мамлекети эми Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусиядай эле биримдиктин толук мүчөсү болгон. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча "жол картасы" иштелип чыккан. Анда өлкөнүн экономикасын ЕАЭБинин мыйзамдарына жана тажрыйбаларына шайкеш келтирүү аракеттери жүргөн. Өзгөчө бажы түзүмдөрүнүн объекттерин жаңылоо боюнча бир топ маселелер чечилген.