Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров ээлеген кызматынан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Кыдыров аталган кызматка 2010-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.