17- Декабрь 2015 -жылы Пекин шаарында Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өткөн
Пекин шаарында Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өткөн. Форумда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Экономика министри Арзыбек Кожошев өлкөлөр бекем экономикалык байланышта экенин белгилеп, мамилени өнүктүрүүгө ири потенциал бар экенин, кыргыз жеринде инвесторлор үчүн эң либералдуу мыйзамдар, ыңгайлуу салыктык систем жана арзан электр энергиясы, жумушчу күчү бар экенин билдирип, бизнес чөйрөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн активдүү иштер жүрүп жатканын айткан. "Кытай – Кыргыз Республикасынын эң жакынкы коңшуларынын бири жана ири инвестициялык өнөктөшү, мамлекеттер Улуу Жибек жолу аркылуу тыгыз байланышкан. Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүү биз үчүн экономикалык, социалдык багыттан тышкары зор тарыхый мааниге ээ. 2014-жылы кыргыз өлкөсүнүн Кытай менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 миллиард 180 миллион долларды түздү. Бул өлкөлөр үчүн экономикалык байланышты күчөтүүгө мүмкүндүк бар экенин көрсөтөт", - деген Арзыбек Кожошев.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан