16- Декабрь 2015 -жылы
"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы экиге бөлүнгөн
Парламенттик шайлоонун алдында бириккен "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы экиге бөлүнгөн. Бөлүнүүнүн себеби - жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча баруу боюнча жаштардын демилгеси болгон. Партиянын жаштары шайлоого өз алдынча барып күч сынап көрүүнү чечишип, саясий кеңеш демилгени жактырган.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясын Адахан Мадумаров жетектесе, экинчи партиянын лидери Аскар Салымбеков болгон. 2015-жылга чейин өз-өзүнчө иш жүргүзүп келген партиялар 2015-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата ошол жылдын май айында биригүү чечимин кабыл алышкан. "Эки лидер эки башка көз караштагы адамдар, партиянын келечеги жок" деген пикирлерди Мадумаров кескин түрдө четке кагып келген.