14- Декабрь 2015 -жылы Кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосунда 6 документке кол коюлган
Кыргыз мамлекети менен Кувейттин ортосунда 6 документке кол коюлган. Алар: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерин Кувейттин визалык талаптарынан бошотуу жөнүндө макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашуу; - Эки тараптуу консультациялар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. Бул документтерге мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Кувейттин эмири шейх Сабах аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабахтын жолугушуусунан кийин кол коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан