20- Декабрь 2016 -жылы
Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү
Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү. 20-декабрь - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү катары 2007-жылдын 12-апрелинде өкмөттүн № 120-токтомуна ылайык бекитилген. Так ушул күндүн коопсуздук кызматкерлеринин күнү катары белгиленишинин тарыхый дагы мааниси бар. 1917-жылы Орусияда падыша бийлиги кулатылып, ошол жылдын 20-декабрында Жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Беларусия өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.