20- Декабрь 2016 -жылы
Мексикадагы пиротехника саткан базарда жарылуу болуп, 29 адам каза болгон
Мексикадагы пиротехника саткан базарда жарылуу болуп, 29 адам каза болгон. Окуя Тультепек шаарындагы пиротехника саткан Сан-Паблито базарында орун алган. Жарылуу болгон учурда базарда 2 миңге жакын адам жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 72 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алып, 29 адам каза болгон.
Сан-Паблито Мексикадагы пиротехника саткан эң белгилүү базар. Анда соода Жаңы жылга жакын, тактап айтканда, декабрь айында кызыйт. Базарда жалпысынан 300 соода орду бар. Жарылуунун кесепетинен алардын 290ну күйүп кеткен.