25- Декабрь 2016 -жылы
Орусияда Сирияга бет алган Ту-154 учагы кырсыкка учурап, 92 адам курман болгон
Орусияда Сирияга бет алган Ту-154 учагы кырсыкка учурап, 92 адам курман болгон. Орусиянын Сочи шаарынан чыгып, Сирияны көздөй бет алган Ту-154 учагы радардан чыгып кеткен. Көп өтпөй учак Кара деңизге кулаган. Учактын бортунда 92 адам болгон. Учак абага көтөрүлгөн соң 7 мүнөттөн кийин радардан чыгып, жок болуп кеткен.
Анда аскер кызматкерлери жана Сириядагы орус аскерлерин жаңы жылга карата куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери болгон. Ошондой эле, "Биринчи канал", "Звезда" жана НТВ телеканалдарынан 9 журналист болгон.