26- Декабрь 1825 -жылы
Орусияда декабристтердин көтөрүлүшү болгон
Петербургдун Сенат аянтында декабристтердин көтөрүлүшү чыккан. Анда жашыруун коомдордун мүчөлөрү, гвардиянын офицерлери жана орус дворян революционерлери жеке бийликке, крепостнойлук укукка каршы куралдуу көтөрүлүш уюштурушкан. Жыйынтыгында төңкөрүш басылып, Николай I императордук бийликке келген.
Чечкиндүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү, крепостнойлук укукту жоюуну максат кылган жаш дворяндар (негизинен офицерлер) 1816-жылы "Аман алып калуу союзу", 1818-жылы "Жыргалчылык союзу", 1821-23-жылдары Санкт-Петербургда Түштүк жана Украинада "Түндүк союзу" сыяктуу жашыруун уюмдарды түзүшкөн. Алардын мүчөлөрү Орусиянын келечектеги мамлекеттик жана социалдык-экономикалык түзүлүш долбоорлорун иштеп чыгышкан. Декабристтер Орусияда унитардык республиканы же федерациялык түзүлүштөгү конституциялык монархияны орнотууну көздөшкөн.
Декабристтердин иши боюнча өтө жашыруун сот болуп, ага 579 киши тартылган. 287 адам күнөөлүү деп табылып, кыймылдын беш жетекчиси - Павел Пестель, Сергей Муравьёв-Апостол, Михаил Бестужев-Рюмин, Кондратий Рылеев жана Пётр Каховский 1826-жылы 13-июлда дарга асылган.