15- Август 1769 -жылы Франциянын императору Наполеон Бонопарт төрөлгөн
Европаны бир топ дүрбөлөңгө салып, үшүн алып турган Франциянын императору (1804-1814) Наполеон Бонопарт төрөлгөн.
Наполеон Бонопарт өзүнүн аскердик кызматын 1785-жылы артиллерияда кичүү лейтенант наамында баштаган. 1793-жылы 18-декабрда шаарын басып алган соң бригадалык генерал наамын алып Улуу франция революциясында алдыга чыккан. 1798-1799-жылдары Египетке болгон аскердик экспедицияны башкарган. 1799-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасап, жыйынтыгында биринчи консул болгон. Диктатордук режимин орноштурган. 1804-жылы 18-майда император болуп жарыяланган. 1812-жылы Орусиядан жеңилген соң Наполеондун империясы урай баштаган. 1814-жылы Францияга каршы коалицияга туруштук бере албай, тактан баш тарткан. 
Наполеон Бонапарт 1819-жылдан баштап катуу ооруп, 1821-жылы 5-майда каза болгон. 
1840-жылы Луи-Филипп бонопартисттердин суранычы менен Ыйык Елена аралына Жуанвильский канзааданын башкаруусунда делегация жиберет. Делегациянын максаты Наполеондун сөөгүн Францияга кайтаруу болчу. 
1840-жылы 30-ноябрда Наполеон Бонапарттын сөөгү Ыйык Елена аралынан Парижге алып келинип, майыптар үйүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан