26- Декабрь 1791 -жылы
Алгачкы компьютерди ойлоп тапкан англис математиги Чарльз Бэббидж төрөлгөн
Алгачкы компьютерди ойлоп тапкан англис математиги Чарльз Бэббидж төрөлгөн. Ал Англиянын Лондон шаарында банкирдин үй-бүлөсүндө жарык дйнөгө келген. Кембридждеги Тринити колледжинде окуп жүргөндө математика сабагына кызыгып, бул сабакты өз алдынча дагы окуп, өздөштүргөн. Жыйынтыгында, бул предметти мугалимдеринин деңгээлинде билип калган.
23 жашында бакалавр даражасын алып, 36 жашында Кембридж университетинде математика илимдеринин профессору аталган. 12 жылдан кийин бул кызматын таштап, эсептөөчү машинаны иштеп чыгуу менен алектенген. Математиктин ишмердүүлүгү ар тараптуу болгон. Тактап айтканда, ал геология, археологиялык казуулар менен алектенип, темир жол кыймылын өздөштүрүп, Англиядагы почта системин реформалоого катышкан. Мындан тышкары, Ч.Бэббидж функционалдык анализдин теориясын, электромагнетизмди, философияны, оптиканы жана саясий экономиканы өздөштүрүүгө кызыккан.
Математик спидометр, тахометр, офтальмоскоп жана сейсмографты ойлоп таап, металлды иштетүүчү шаймандарды иштеп чыккан. Компьютерди жасап чыгуу идеясын сунуштап, эсептөөчү техниканын жана илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон математик жана ойлоп табуучу 1871-жылы 18-октябрда Лондондо 79 жаш курагында дүйнө салган.