26- Декабрь 2002 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Искендер Рыскулов көз жумган
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Искендер Рыскулов 62 жаш курагында көз жумган. Режиссёр 1941-жылы 30-июнда Фурунзе шаарында кыргыз киносу менен театрынын залкар артисти Муратбек Рыскуловдун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктаган соң Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, 1962-жылы Ташкенттеги Александр Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун Драма жана кино актеру факультетине тапшырып, кыргыз студиясында окуган. И.Рыскуловдун курсташтарынын арасында атактуу "Соң-Көл чүрөгү" Таттыбүбү Турсунбаева дагы болгон. 1966-жылы институтту аяктап келгенден кийин бир жылдай Кыргыз мамлекттик драма театрында артист болуп эмгектенген. 1967-жылы И.Рыскулов кайрадан окуусун улантат. Бул ирет Москва шаарындагы Анатолий Лунарчарский атындагы окуу жайдын режиссёрдук факультетине өткөн. Окуусун 1972-жылы аяктап, жаңыдан ачылган Ош Кыргыз драма театрына режиссер-коюучу болуп кызматка кирген. 1976-жылдан тартып ушул эле театрдын башкы режиссерлугунун кызматын аткарат. Ош Кыргыз драма театрында 12 жыл эмгектенген соң, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына башкы режиссёр болуп дайындалат. 1989-жылы башкы режиссёрлуктан түшүрүлүп, өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда режиссёр-коюучу болуп кызмат өтөгөн. Режиссёр сахналаштырган драматрург Токтоболот Абдумомуновдун "Эч кимге айтпа", Бексултан Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келээр", "Саадак какты", "Атанын тагдыры", Бакы Өмүралиевдин "Жаңырык", Александр Грибоедовдун "Акылдан азап", Уильям Шекспирдин "Гамлет", "Он экинчи түн", "Ричард-III", "Король Лир", "Ромео менен Жульетта", Максим Горькийдин "Түпкүрдө", Мырза Гапаровдун "Күнөстүү арал", Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" жана башка 60тан ашык спектаклдери - кыргыздын улуттук сахна өнөрүндөгү өзгөчө көркөм окуяга айланган чыгармалар болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан