26- Декабрь 1664 -жылы
Атактуу немис зергери Иоганн Динглингер төрөлгөн
Атактуу немис зергери Иоганн Динглингер төрөлгөн. Зергерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн И.Динглингер бала чагынан зергерлик өнөргө кызыгып, кийинчирээк Дрезден шаарында өзүнүн чеберканасын ачкан. Устаканада аны менен чогуу бир туугандары жана уулдары иштешкен.
1698-жылы ал Саксондук Фридрих Август Iнин сарайына зергер катары чакырылып, ошол мезгилден баштап шедеврге айланган барокко стилиндеги эмгектерин жарата баштаган. Динглингер эмаль, сөөк, таш жана ар кандай металлдарды кошуп буюмдарды жасоо стили менен башкалардан айырмаланган. Жасаган эмгектеринин арты менен өз өлкөсүндө гана эмес, чет жерде дагы атагы чыккан зергерге айланган. 1712-жылы орус императору Петр I Европага саякат кылып жүрүп, Динлингер менен таанышуу үчүн атайын Германияга келген.
Бүгүнкү күндө зергердин эмгектерин Германиянын Дрезден шаарындагы декоративдик искусство музейинен көрүүгө болот. И.Динглингер 1731-жылы көз жумган.