27- Декабрь 1945 -жылы
Эл аралык валюта фонду негизделген
Эл аралык валюта фонду негизделген. 1944-жылы 22-июлда БУУнун Бреттон-Вудс эл аралык валюталык-каржы конференциясында Эл аралык валюта фондун түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Бир жылдан соң, 1945-жылы 27-декабрда фондду түзүү боюнча макулдашуунун акыркы варианты иштелип чыгып, ага 29 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон. Бул күн Эл аралык валюта фондунун түзүлүшүнүн расмий датасы катары тарыхта калган. Фонддун штаб-квартирасы АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан.
Эл аралык валюта фонду эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт. Валюталык паритеттердин туруктуулугун кармап турат, төлөөнүн көп тараптуу тармагын иштеп чыгып, валюталык чектөөлөрдү жоёт, ошондой эле өзүнүн мүчөлөрүнө төлөм баланстарынын тең салмаксыздыгына байланыштуу болгон валюталык кысталыштарда кредиттик ресурстарды берет. Учурда аталган фондго 189 өлкө мүчө. Кыргыз Республикасы ЭВФке 1992-жылы май айында мүчө болгон.