28- Декабрь 2016 -жылы Кинонун эл аралык күнү
Кинонун эл аралык күнү. 1895-жылы француз ага-инилер Огюст жана Луи Люмьерлер өздөрү ойлоп тапкан "Синематограф" аппаратына патент алышкан. Ошол эле жылы 22-мартта алар Париж шаарында тарыхтагы алгачкы киносеансты уюштурушкан. Анда алар "Люмьер ишканасынан жумушчулардын чыгышы" деген аталыштагы кыска тасманы досторуна тартуулашкан. Бирок Кино күнү делип 1895-жылдын 28-декабры эсептелет. Ушул күнү Париж шаарынын Капуцинок бульварындагы "Гранд кафе" кафесинде элдин калың тобуна дүйнөдөгү алгачкы кыска метраждуу тасма көрсөтүлгөн. Фильм "Ла Сьота бекетине поезддин келиши" деп аталган. Ушул окуяга байланыштуу 28-декабрь кинематографисттердин майрамына айланган. Тасма көрсөтүлүп жатканда көрүүчүлөр орундуктарынан тура качышкан, анткени экрандагы жакындап келе жаткан поезд аларды коюп кетчүдөй таасир калтырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан