28- Декабрь 2014 -жылы Индонезияда учак кырсыкка учурап, 162 адам курман болгон
Индонезияда учак кырсыкка учурап, 162 адам курман болгон. A320-216 учагы Индонезиянын Сурабая шаарындагы Сидоарджо аба майданынан учуп чыгып, Сингапур мамлекетине багыт алган. Анда 155 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Учак Явань деңизинин үстүндө учуп баратканда катуу жаан жаап жаткан. Аэропорттон чыккандан 33 мүнөт өткөн соң Калимантан жана Ява аралдарынын ортосунан учак радар бетинен жоголуп кеткен. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин экипаж менен болгон байланыш дагы үзүлгөн. 2 күн өткөндөн кийин гана куткаруучу кемелер деңизден авиалайнердин сыныктарын жана 106 жүргүнчүнүн жансыз денесин табышкан. Кырсык техникалык мүчүлүштүктөн жана экипаждын катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан