29- Декабрь 2013 -жылы
Орусиядагы темир жол бекетинде жардыруу болуп, 18 киши курман болгон
Волгоград шаарынын темир жол бекетинде бомба жарылып, 18 киши курман болгон. Окуя болгон жерден 14 адам көз жумуп, 50гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Төртөө кийинки күндөрү ооруканада каза болгон. Бомбаны жанкечти-террорчу иштеткени белгилүү болгон. Аны вокзалдын күтүүчү залына киргизбей коюшканда жардыруу жасаган. 2014-жылы 19-январда интернетте "Ансар аль-Сунна" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн видеосу тараган. Анда террорчулар темир жолундагы жардырууга жоопкерчиликти алганын билдиришкен.