29- Декабрь 1991 -жылыИслам Каримов Өзбекстандын президенти болуп шайланган
Ислам Каримов Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Ошол эле жылы 18-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII сессиясы президенттик шайлоо тууралуу мыйзам кабыл алган. 29-декабрда альтернативдик негизде шайлоо өтүп, ага Элдик-демократиялык партиядан жана Профсоюздар союзунан Ислам Каримов, ал эми "Эрк" демократиялык партиясынан Салай Мадаминов катышкан. Жыйынтыгында, шайлоочулардын 86 пайызы И.Каримовго, 12,3 пайызы С.Мадаминовго добуш беришкен.
1996-жылы 26-мартта И.Каримовдун президенттик ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин референдум аркылуу узартылган. Ал эми 2000-жылы 9-январда И.Каримов шайлоодо 91,9 пайыз добуш менен жеңип чыгып, 2-мөөнөткө президент болуп шайланган. Ошондой эле 2007-жылы 23-декабрда жана 2015-жылы 29-мартта өткөн президенттик шайлоолордо дагы И.Каримов талапкерлердин арасынан суурулуп чыгып, жеңишке жеткен.
2016-жылы 28-августта Ислам Каримов инсульт диагнозу менен ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат тараган. 2-сентябрда Өзбекстан бийлиги президенттин каза болгонун расмий түрдө билдирип, өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыялаган.