29- Декабрь 1766 -жылы Суу өткөрбөгөн кездемени ойлоп тапкан шотландиялык химик Чарльз Макинтош төрөлгөн
Суу өткөрбөгөн кездемени ойлоп тапкан шотландиялык химик Чарльз Макинтош төрөлгөн. Ал Шотландиянын Глазго шаарында боёкчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичинекейинен илимге кызыгып, окуусун аяктаган соң химиялык өнөр жай ишканасына жумушка орношкон. Британиялык химик Чарльз Теннант менен кездемелерди агартууда колдонулуучу хлордуу акиташты ойлоп табышкан. 1823-жылы окумуштуу эксперимент жүргүзүп жатып, пиджагынын жеңин каучуктун эритмеси менен булгап алат. Бир нече убакыттан кийин ал эритме төгүлгөн жерге суу жукпайт экендигин байкап, ойлоп тапкан кездемесине патент алган. 1836-жылы өзүнүн "Charles Mackintosh and Co" компаниясын негиздеп, элдердин чоң суроо-талабын пайда кылган "Макинтош" плащтарын массалык түрдө чыгарып, дүйнөгө атагы чыккан. Атактуу химик 1843-жылы 25-июлда көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан