Бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан англиялык физик, математик жана астроном Исаак Ньютон төрөлгөн. Атасы ал төрөлө электе көз жумуп, келечектеги физикке Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.
Ньютон 1661-жылы Кембриж шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-колледж окуу жайына өтөт. Андан соң ал 30 жыл бою дал ушул окуу жайда окуп жана эмгектенген.
Анын 1686-1687-жылдары жарык көргөн "Табигый философиянын математикалык башаттары" аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан. Анын эмгектери физика жана математика илимдеринде жаңы доорду ачып берген. Ал Галилео Галилей түзүп баштаган теориялык физика илимин калыптандыруу ишин жыйынтыктаган.
Жыл сайын И.Ньютондун туулган күнүндө илимий коомчулук Ньютон күнүн белгилешет. Атактуу физик 1727-жылдын 20-мартында көз жумган.