16- Август 1916 -жылы
Үркүн: Казымбек баштаган кыргыздар Нарын суусунун боюндагы Жан-Булак кыштагында орус аскерлеринен чегинүүгө аргасыз болушкан
Падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан-Булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу аскер каршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак-Мойнокко чегинишкен.
Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августка караган түнү Кара-Кужур аркылуу Кара-Каманга, андан Балгарт, кийин Жаман Эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак-Өгүз ашуусу аркылуу Ак-Сууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, азап тартышкан.