Стамбулда Санта Клаустун костюмун кийгендер түнкү клубга кол салып, 39 адам каза болгон. Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна Санта Клаустун костюмун кийген 3 адам Калашников автоматтары менен кирип, ок чыгарган.
Окуя болгон маалда түнкү клубда 700-800 адам бар болгон. Жыйынтыгында 35 адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Америкалык чалгынчылар теракт тууралуу эскертишкен. 7-8 күн бою коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткандыгын бийлик өкүлдөрү айтышкан.