4- Январь 1966 -жылы "Күмүш түстүү ландыш", "Мираж" тасмаларын тарткан режиссёр, актёр жана алпаруучу Тигран Кеосаян төрөлгөн
"Күмүш түстүү ландыш", "Мираж" тасмаларын тарткан режиссёр, актёр жана алпаруучу Тигран Кеосаян төрөлгөн. Атасы Эдмонд Кеосаян режиссёр, сценарист жана актёр болгон, апасы Лаура Геворгян актриса болгон. Т.Кеосаян кичинекейинен ата-энеси менен кино тартуучу аянтка көп барган. 1983-жылы "Мосфильм" киностудиясына жумушка орношкон. Ал эми 1994-жылы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтуна тапшырган. Аталган окуу жайда окуп жүргөндө актёр, режиссёр Фёдор Бондарчук менен таанышып, экөө клипмейкер катары чогуу иштешкен. 90-жылдары Т.Кеосаян 3 тасма тартып, алардын арасынан "Байкуш Саша" тасмасы белгилүү болгон. Андан тышкары режиссёр "Күмүш түстүү Ландыш", "Ялта-45", "Мираж", "Президент жана анын небереси", "Иримдин үстүндөгү коён" тасмаларын тарткан. 2000-жылдардын башында ал театралдык режиссёр катары дагы иштеген. 2007-жылы Т.Кеосаян Рен-ТВ телеканалындагы "Тигран Кеосаян менен кеч" ток-шоусун алып барып, бул кесипке алгачкы кадамын таштаган. Андан тышкары ал ушул эле каналда "Унчукпаш керек, жетишет" жана "Россия" телеканалында жубайы, актриса Алёна Хмельницкая менен "Сен жана мен" телеберүүсүн алып барган. Т.Кеосаян актёр катары "Деңиз. Тоолор. Керамзит", "Бирге бактылуу", "Трюк көрсөтүүчүлөр", "Аптап", "Көңүлдөш" жана башка фильмдерде роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан