5- Январь 1975 -жылы
Белгилүү америкалык актёр Брэдли Купер төрөлгөн
Белгилүү америкалык актёр Брэдли Купер АКШнын Филадельфия штатында жарык дүйнөгө келген. 12 жашында режиссёр Дэвид Линчтин "Пил адам" тасмасын көргөндөн кийин андан таасирленип, кинематографтын тарыхын, актёрлордун өмүр баянын окуп чыгып, театралдык ийримге жазылган.
Актёрлук карьерасынын башталышында ал "Мыйзам жана тартип", "Бир көз менен", "Көчө", "Тыңчы айым" тасмаларында роль жараткан. Ошондой эле телевидениеде алып баруучулук кызматта да иштеген. 2004-жылы "Чакырылбаган коноктор" комедиясына тартылган. Бул ролун актёр карьерасындагы алгачкы маанилүү ролу деп эсептейт. 2005-жылы "Ашканадагы сырлар" сериалында башкы ролду жараткан. 2009-жылы Б.Купер "Вегастагы боз балдардын кечеси" тасмасына тартылып, жылдызы жанган. 2010-жылдан баштап актёр комедиялык жанрда эмес, драмалык тасмаларда роль жаратууну чечет. Ошентип "Караңгылыктын аймактары", "Сөздөр", "Кызыл карагайлар алдындагы жер" тасмаларына тартылат. 2012-жылы анын катышуусундагы "Менин жигитим - псих" фильми жарык көрүп, бул тасма Б.Куперди эң күчтүү драмалык актёрлордун катарына киргизген. Андагы ролу үчүн "Оскар", BAFTA, "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Аталган тасмада башкы ролду жараткан актриса Женнифер Лоуренс менен Бредли Купердин ортосунда сүйүү мамилеси бар деген кептер тараган. Бирок муну эки жылдыз четке каккан.
Жеке жашоосу
2006-жылы Б.Купер актриса Женнифер Эспозитого үйлөнүп, 4 ай чогуу жашашкан. Андан соң "Дело №39" тасмасында роль жараткан актриса, өзүнөн 5 жаш улуу Рене Зеллвегер менен мамиле куруп, ал 2011-жылга чейин уланган. Ошондой эле Б.Купер актрисалар Зоя Салдана, Сьюки Уотерхаус менен дагы мамиле курган. Ал эми 2015-жылдын апрель айында орусиялык модель Ирина Шейк менен сүйлөшө баштаган. 2016-жылдын 30-ноябрь күнү Парижде мода көргөзмөсү өтүп, анда Ирина Шейк 2 ирет подиумга чыккан. Ошондон кийин эле журналисттер анын кош бойлуу экендигин жар салышып, бул маалыматты моделдин ишенимдүү өкүлү чет элдик басылмасына тастыктап, Иринанын 4 айлык боюнда бар экенин билдирген. Ирина Шейк жакында эле басылмалардын бирине берген интервьюсунда актёр экөө үйлөнүү тоюн 2017-жылдын август айында өткөрүүнү пландап жатканын айткан.