28- Сентябрь 1956 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова туулган
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ырчы Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарда ырчы катары таанылган. Турмушка чыккан соң 1974-жылдан тарта Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975- жылдан тарта Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан. 1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда С.Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнадагы алгачкы кадамын таштаган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан