16- Январь 2017 -жылы "Манас" аэропортунун жанындагы үйлөрдүн үстүнө учак кулап, 39 киши курман болгон
"Манас" аэропортунун жанында жайгашкан Курулуш башкармалыгынынын дачалары тилкесиндеги үйлөрдүн үстүнө Боинг 747-400F учагы кулап, 39 киши курман болгон. Алардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар болгон. Үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг учагы Бишкекке эмне себептен конгондугу ачык далилденген эмес. Кырсык катталгандан кийин учак аэропортко май куюуга токтогон, жүк түшүрүүгө токтогон деген эки ач пикирлер айтылган. Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган учактын ээси "АСТ Airlines" тараткан билдирүүдө учакта жетиштүү көлөмдө күйүүчү май бар болгону айтылат.

"Биздин учак конууга бир нече жолу аракет кылган деген маалымат чындыкка жатпайт. Биздин учкучтардын ийгиликтүү карьерасы болгон" деп жазылат билдирүүдө. Аталган компаниянын өкүлү "Азаттык" басылмасына Боинг 747 учагы Бишкекке жүк түшүргөнгө конмок экенин билдирип, жүктө коркунучтуу нерсе болбогонун айткан. Сырдуу жүктүн айланасында түрдүү талкуулар, божомолдор, каралоолор, камоолор, бийлик тарабынан куугунтуктоолор, өкмөт менен элдин ортосунда ажырым, айтор түрдүү кырдаалдар пайда болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан