16- Январь 2017 -жылы
Муз аянтчасын жасоочулардын эл аралык күнү
Муз аянтчасын жасоочулардын эл аралык күнү. Бул дата тарыхый окуяга байланыштуу кесиптик майрам катары тандалып алган. Тагыраак айтканда, 1901-жылы 16-январда ресурфейсерди (муз аянтчаларын муз менен каптоочу жана калыбына келтирүүчү комбайн) ойлоп тапкан америкалык Фрэнк Замбони төрөлгөн.
Бул күнү конференциялар уюштурулуп, анын катышуучулары аталган кесиптин ысык-суугу, бул өнөрдөгү жаңы технологиялар жөнүндө айтып беришет. Көпчүлүк учурда муз жасоочунун жумушун мурдагы муз үстүндөгү бийчилер өздөштүрүп алышып, кесиптештерине (бийчилерге) ыңгайлуу болгондой кылып жасашат. Шарт боюнча, профессионалдык муз аянттары таңкы саат 7ге даяр болуусу керек. Себеби, бул учурда спортчулар үчүн машыгуулар башталат. Ал эми чоң масштабдагы жарыштар, оюндар өткөрүлгөндө муз чеберлери таң аткандан күн батканга чейин иштешет.
Аянтты муз менен каптоо 7 күнгө чейин уланат. Алгач анын бетондук бөлүгүндөгү температура төмөндөтүлүп, керектүү калыңдыкта муз пайда болгон соң аны бир канча катмар кылып боёшот. Андан соң атайын комбайн келип, музду пресстеп, андан тузду жана абаны чыгарат. Ошентип идеалдуу муз аянтчасы пайда болот.