18- Январь 1689 -жылы бийликтин түрлөрү тууралуу доктринаны иштеп чыккан француз укук таануучусу Шарль Монтескьe төрөлгөн
Бийликтин түрлөрү тууралуу доктринаны иштеп чыккан француз укук таануучусу Шарль Монтескьe төрөлгөн. француз ойчулу, укук таануучусу жана агартуучусу Шарль Монтескьe Франциянын Бордо шаарында төрөлгөн. 1705-жылы укукту терең окуп үйрөнүү үчүн Парижге барган. 1714-жылы туулган жерине кайтып келип, шаардык сотто кеңешчи, кийинчерээк вице-президент болуп эмгектенген. 1721-жылы сатира жанрындагы "Персиядагы каттар" чыгармасын жарыкка чыгарып, окурмандарга бул китеп жаккан. Кийин "Книддин ибадатканасы", "Парижге саякат" аттуу эмгектерди жазып, 1728-жылы Европа өлкөлөрүнүн саясий-укуктук институттары менен таанышуу үчүн саякатка жөнөйт. Италия, Пруссия, Нидерланды, Англияга барып, 1748-жылы "Мыйзамдардын руху жөнүндө" чыгармасын жазат. Бул эмгегинде бийликтин түрлөрүнүн теориясын түшүндүргөн. Ал демократиялык, аристократиялык жана монархиялык башкаруу формасы бар деп айтып, бирок тирания жана деспотизм болбошу керек деп билдирген. Ш.Монтескье 1755-жылы 10-февралда 66 жашында Париж шаарында өпкө оорусунан улам көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан