18- Январь 1984 -жылы Япониядагы көмүр кенинде өрт чыгып, 83 адам каза болгон
Япониянын Косю аралында жайгашкан Омута шаарындагы көмүр кенинде өрт чыгып, 83 киши курман болгон. "Ариаке" шахтасындагы өрт ленталык конвейердеги көмүрдүн күйүп кетишинен улам келип чыккан. Суу өчүп, түтүндү кармап туруучу жабдык иштебей калгандыктан, өрт жайылып кеткен. Анда иштеген 707 кызматкердин 614ү сыртка чыгууга үлгүрүп, 93ү калып калган. Алардын 10у тирүү калып, калганы газга ууланып набыт болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан