Филиппинде сел жүрүп, 40 адам көз жумган. Филиппиндин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Миндао аралында көнөктөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, 40 киши көз жумган. Андан тышкары 5 жергиликтүү тургун дайынсыз жоголуп, 65 киши жаракат алып, 160 миң адам турак жайсыз калган. Катуу жамгыр саатына 5-15 милиметр жаап, шамалдын соккон ылдамдыгы саатына 55 чакырымды түзгөн.