23- Январь 1895 -жылы
Тарыхта биринчи ирет Антарктида материгинин жээгине адамдар барган
Норвегиялык экспедициянын мүчөлөрү тарыхта биринчи болуп Антарктида материгинин жээгине барышкан. Норвегиялык "Антарктик" кемесинин капитаны Кристенсен жана бир жүргүнчү, так илимдердин окутуучусу Карлстен Борхгревинк Антарктиданын чыгышында жайгашкан Адэр кысыгына кеме менен жетишкен. Алар суудан медузаны жана антарктикалык эңилчекти көргөнүн айтышып, сүрөттөп беришкен. Бул экспедиция норвегиялык ишкер Хенрик Бул тарабынан уюштурулган. Аны Антарктиданын сууларынан киттерди кармоо перспективалары кызыктырган.