Эскимонун эл аралык күнү. 1922-жылдын ушул күнү АКШнын Айова штатындагы Онава шаарында жайгашкан таттуулар дүкөнүнүн ээси Христиан Нельсон эскимого патент алган. Бул тарыхый окуяга байланыштуу дал ушул дата майрам катары тандалып алынган. Эскимо - таякчада шоколад менен капталган балмуздак. Айрым тарыхый булактарга таянсак, Байыркы Римде император Нерон эскимону десерт катары жеген. Бирок аталган балмуздактын расмий туулган күнү деп 24-январь, ага патент алынган күн эсептелет. Алгач ойлоп табуучу аны "Eskimo Pie" (эскимостун токочу) деп атаган. Кийинчирээк балмуздак дүйнө жүзүнө тараган соң аталышы жөнөкөйлөштүрүлгөн.