25- Январь 1965 -жылы
куудул, актёр Бакыт Мукул төрөлгөн
Куудул, актёр Бакыт Мукул Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарын театрынан баштап, Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык окууга тапшырып, билим алган. Андан соң Жаштар театрында, Чүй облустук театрында иштеп, 40ка чукул тасмада роль жараткан. Ал 50гө жакын ырдын жана 30дан ашык сатиранын автору. Белгилей кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" байгесин, ноябрь айында Минск шаарында өткөн "Листопад" Эл аралык кинофестивалында "Салттарга заманбап көз караш", эл аралык кызматташтыкты жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Чеги жок тасма" сыйлыгын жана Минск шаарынын Аткаруу комитетинин атайын байгесин алган. Мындан тышкары Б.Мукул 2016-жылы декабрь айында КРнын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. 3 уулдун атасы.