Испаниялык деңиз саякатчысы Висенте Яньес Пинсон 1499-жылы Түштүк Американын жээгин көздөй бет алган. 1500-жылы 26-январда анын кемеси бороонго калып, азыркы Бразилиядагы Пернамбуку штатынын жээгине барып калган. Жээкке түшкөн Пинсон жана анын кишилери 2 күн бою жергиликтүү жашоочуларды көргөн эмес. Бразилия жергесине Испания падышалыгынын атынан бир нече крест орнотуп, башкарууга өткөн. Пинсон Амазонка, Гвиана жээгин, Ориноко суусун жана Тобаго аралын изилдеп чыккан. Бирок ал ачкан жерлер Тордесил келишимине ылайык, Испаниянын аймагына кирген эмес.