27- Январь 1967 -жылы
Космос бүткүл адамзаттын энчиси болуп жарыяланган
Космос бүткүл адамзаттын энчиси болуп жарыяланган. Мамлекеттердин космос мейкиндигин, анын ичинде Айды жана башка асман телолорун изилдөө ишмердүүлүгүнүн принциптери тууралуу келишимге кол коюлган. Бул документ эл аралык космостук укуктун негизи болуп калган. Алгач келишимге АКШ, Улуу Британия жана Советтер Союзу кол койсо, бүгүнкү күндө 100дөн ашуун мамлекет анын мүчөсү болуп саналат. Документтин биринчи беренесинде "Космос мейкиндигин, анын ичинде Айды жана башка асман телолорун изилдеп, пайдалануу экономикалык абалы, илимий өнүгүү деңгээлине карабай бардык мамлекеттер тарабынан ишке ашырылат жана бүткүл адамзаттын энчиси болуп саналат", - деп жазылган.