Антарктида материги ачылган. 1819-жылдын июль айында Орусиянын Кронштадт шаарынан орустардын алгачкы антарктикалык экспедициясы башталган. Анын башчысы болуп капитан Фаддей Беллинсгаузен дайындалган. Ал "Восток" кемесин башкарган. Ал эми Михаил Лазарев "Мирный" кемесине капитандык кылган. Тажрыйбалуу деңиз саякатчыларына Түштүк уюлга болушунча жакындап, жолдогу белгисиз жерлерди ачуу тапшырмасы берилген. Деңиз саякаты 750 күнгө уланып, түштүк деңиздериндеги 28 арал ачылган. Ф.Беллинсгаузен жаңы континентти ачкандыгына ынануу үчүн кургактыкка чыгууга аракет кылган. Кемелер материкти толугу менен кыдырып, бирок, жээкке жете алышкан эмес.