31- Январь 1924 -жылы
СССРдин биринчи Конституциясы кабыл алынган
СССРдин биринчи Конституциясы кабыл алынган. Ал эки бөлүктөн - СССРдин түзүлгөндүгү тууралуу декларация жана келишимден турган. Конституцияга ылайык, СССРге Орусия СФСРи, Украина ССРи, Белоруссия ССРи, Закавказье СФСРи, Азербайжан ССРи, Грузия ССРи жана Армения ССРи кирген. Ошондой эле СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин, Борбордук аткаруу комитетинин, анын Президиумунун декреттери жана токтомдору союздук республикаларда колдонулган тилдерде (орус, украин, белорус, грузин, армян, азербайжан) басылып чыгууга милдеттүү болгон.
Ошол учурда азыркы Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын аймактары Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы жана Түркстан Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы деп аталып, Орусиянын курамына кирген.
СССРдин кийинки конституциясы Иосиф Сталиндин бийлиги учурунда, 1936-жылы бекитилген.