21- Август 1999 -жылы
Баткен окуясы аяктап, аскер күчтөрү Баткенден чыгарыла баштаган
Кыргызстанга 1999-жылдын жай айында кирген Өзбекстан Ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. КРнын Коргоо министри Мырзакан Субанов 21-август күнү премьер-министр Амангелди Муралиевге “Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаланды” деп рапорт берген. Аскер күчтөрү Баткенден чыгарыла баштаган.