1- Февраль 1991 -жылы "тамашоучу" Зияш Турдубеков төрөлгөн
"Тамашоу" долбоорунун "КG 77" командасынын капитаны катары таанылган Зияш Турдубеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 3 уул жана 3 кыз. 
Брюс Ли тууралуу тамашаларды катыра аткарып, Зияштын капитандыгы астындагы "KG 77" командасы дайыма эл эсинде калган өзгөчө күлкү тартуулап келишкен. Өзүнүн айтымында, ал араба түртүп, тамеки сатып, бут кийим майлап тапкан акчасын оюндарга коротуп жүргөн бала болгон. "Ак-Өргөөгө көчүп келбегенде келечегим кандай болмок билбейм" деген "тамашоучу" өзүн ар кайсы кесипте сынап көрүп "Мачо", "Уктаткыч", "Алдамчы Жеки", "Салам, Бишкек!-2", "Гонщик таксист" жана башка тасмаларга тартылган. Мындан сырткары оператор, режиссёр, каскадёр да болуп жүрөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан