3- Февраль 1468 -жылы
басма станогун ойлоп тапкан Иоганн Гутенберг көз жумган
Немис ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг көз жумган. Ал 1397-1400-жылдар аралыгында Германиянын Майнц шаарында төрөлгөн. 1440-жылдардын ортосунда китеп басып чыгаруу ыкмасын ойлоп таап, Европанын маданиятына гана эмес, бүткүл дүйнөлүк тарыхка таасирин тийгизген.
Парижде типографиялык китеп басып чыгаруу ишин шайтандын иши деп эсептеген монахтар И.Гутенбергди түрмөгө отургузушкан. 1804-жылы француз императору Наполеондун колдоосу менен бүткүл Европа боюнча акча чогултулуп, ага эстелик орнотулган. Ошол мезгилден тарта Гутенбергдин ысымы тарых барактарынан орун алган.